Президент Эл аралык валюта корунун өкүлүн кабыл алды

БИШКЕК. Шейшембиде өлкө башчысы Курманбек Бакиев Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майкл Мередди кабыл алды. Бул жолугушуу Мереддин аталган кордун өкүлчүлүгүн жетектөө мөөнөтүнүнүн аякташына байланыштуу болду. Майкл Меред эки жыл аралыгында Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу, экономикалык жактан өнүктүрүү программасына жана тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча Париж клубу менен экинчи сүйлөшүүдө жеке салымын кошкон.