КҮТҮҮСҮЗ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНДЕ КРИЗИСТИК КЫРДААЛДА БАШКАРУУ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын күтүүсүз кырдаалдар министрлигинде кризистик кырдаалда башкаруу борбору уюштурулуп, 25-июлдан пайдаланууга берилди. Бул-Орто Азия өлкөлөрүндөгү алгачкы саамалык катары бааланууда.
Кризистик кырдаалда башкаруу борбору Дүйнөлүк банктын колдоосу менен түзүлүп, эң алгачкы жыйынды 25-июлда премьер-министр Феликс Кулов ведомстволор аралык комиссия менен бирдикте өткөрдү. Алдын алуу, мониторинг жүргүзүү, элдин коопсуздугун сактоо маселелери боюнча борбордун уюлдук кеңсесинде өзү менен бирге олтурган өкмөт мүчөлөрүнө, Оштогу уюлдук кеңседе олтурган түштүк регионундагы облус, район жетекчилерине милдеттерди жүктөдү.

Демек, кайсы бир алыскы аймактагы табигат кырсыгын четтетүү маселесин тиешелүү жетекчилер кризистик башкаруу борборунун Бишкек менен Оштогу уюлунда олтуруп талкуулоого, кеңешүүгө, чечим кабыл алууга мүмкүндүк табылды. Анткени тиешелүү бардык маалыматтар ушул жердеги компьютерлерге чогултулуп коюлган. Бул кризистик борбордун жардамы менен табигат кырсыгын четтетүү ыкчам жана үнөмдүү чечилерин министрликтин болжолдоо жана алдыналуу департаментинин башчысы Анаркул Айталиев баса белгиледи:

-Жаратылыш кырсыктары болгон убактарда борбордон канчалаган жетекчилер, адистер атайын иш сапарларга жөнөтүлүп, анүчүн көптөгөн акчалар чыгымдалчу эмес беле. Кайра борбор шаарыбызга маалымат алып келишип, чогулуп талкуулашып, чечим кабыл алганга чейин кыйла күндөр өтчү. Тигил жакта кармалган элдин кыжыры кайнап, кырдаал саясатташып кетчү. Ошол убакыттын, ошол чыгымдын баарын бул кризистик кырдаалда башкаруу борбору үнөмдөп, маселенин бир нече саат же бир күн ичинде чечилишин камсыз кылат. Премьер-министрби, министрби эфир аркылуу кырсык болгон чөлкөм менен, карапайым эл менен түз байланышууга мүмкүнчүлүк алат.

Бирок, азырынча кризистик кырдаалда башкаруу борборунун уюлдук байланышы Бишкек менен Ошто гана түзүлгөн. Экинчи этапта андай уюлдук байланыш ар бир облус борборунда жана табигат кырсыктары арбын катталган район борборлорунда уюштурулмакчы. Азыр Орусиядан гумжардам иретинде алынган эки мобилдик станция да бар. Алар КАМАЗ автомашиналарына орнотулган. Кырсык болгон жерлерге автомашинаны мүмкүн болушунча жакындатып айдап барган соң, кризистик кырдаалда башкаруу борбору аны менен байланыша алат. Андыктан алардын бири түштүктө, бири түндүктө кармалууда. Келечекте болсо кичинекей сандыкча ичиндеги экрандардын жардамы менен ошол табигат кырсыгы болгон жерлердин өзүнөн байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылмакчы.


Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинде түзүлгөн кризистик кырдаалда башкаруу борборун башка министрликтер менен ведомстволор да зарыл иштери үчүн пайдаланса болот.