Президент Курманбек Бакиев конституциянын долбоорлоруна өз сунуштарын берди. Учурда баш мыйзамдын долбоорлорун жазуу боюнча жумушчу топ акыркы варианттардын үстүндө иштөөдө. Жумушчу топ мамлекеттик башкаруунун үч формасы боюнча долбоорлорду даярдоо боюнча иштин аягына ушул жума ичинде чыгууну көздөөдө.
Баш мыйзамды жумушчу топко берген президенттин сунушу 10 пункттан турат. Өз сунушунда мамлекет башчысы келечектеги негизги мыйзамда Конституциялык сотту, орус тилине расмий макамды, өлүм жазасын, президентке, депутаттарга жана сотторго кол тийбестикти калтырууну сунуштаган. Андан сырткары президент парламенттин 75 депутаттан туруп, анын 25 пайызы бир мандаттуу округдардан шайланышын жактаган.
Жумушчу топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев президенттин сунушу тууралуу буларга токтолду:
- Президент кагаз жүзүндө бизге бир топ сунуштарын берди. Алардын айрымдарына мен да макулмун. Маселен, орус тилине расмий макамды калтыруу, парламент 75 депутаттан турсун деген сунуштарга. Ошол эле учурда президенттин конституциялык сотту калтыруу сунушуна макул эмесмин. Менимче, конституциялык сот жогорку соттун курамындагы конституциялык палата болсо туура болмок.
Баш мыйзамдын долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топтун башчысы Азимбек Бекназаров учурда президенттин сунушу да башка сунуштар менен кошо талкууланып жатканын айтат:
- Президенттин сунушу жумушчу топко түшкөн башка сунуштар менен кошо каралууда. Жалпы сунуштардын баарын анализдеп жатабыз азыр.
Учурда жумушчу топ мамлекеттик башкаруунун үч ыкмасы боюнча долбоорлордун акыркы варианттарынын үстүндө иштөөдө. Исхак Масалиев долбоор болгон соң аларда кандайдыр бир кемчиликтер болушу мүмкүн:
- Эми долбоор болгон соң аларда бир топ кемчиликтер болуп калышы мүмкүн. Андай болсо жыйынтыгы кабыл алынганга дейре кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу ыктымал.
Жумушчу топ баш мыйзамдын долбоорлорунун акыркы вариантын даярдоону ушул жума ичинде аягына чыгарууну көздөөдө. Долбоорлор даярдалып бүткөн соң өлкө президентине сунушталмакчы.