ВЕНА. Косовонун тагдыры боюнча Венада өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. БУУнун өкүлү билдиргенге караганда, сүйлөшүүдө Косовонун лидерлери көзкарандысыздыкты гана талап кылышса, Сербия тарап эгемендиктен башка шарттарга гана макул боло тургандыгын айтышкан.