Кыргызстанда жарым жылда 137 өзгөчө кырдаал түзүлгөн

БИШКЕК. Өлкө аймагында үстүбүздөгү жылдын жарым жылында 137 ар кандай табигый кырсыктар катталган. Анын кесепетинен 30 адам набыт болгон. 29 кар көчкүсү катталып, 6 зилзала, ондон ашуун жер көчкү жүргөн. Өткөн жылы жарым жылда 130 өзгөчө кырдаал түзүлүп, 53 адам каза болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.