БИШКЕК. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Бештерек, Ак суу айылдарынын тогуз тургуну президентке кайрылуу жолдошту. Анда Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Чүй облустук жана Москва райондук прокуратура кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине нааразылык билдиришкен. Алар бүгүн өкмөт үйүнүн жанында нааразылык акциясына чыгышып, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушууну болжошууда.