В. Жириновский жолугушууларды өткөрдү

БИШКЕК. 24-июлда Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрага орун басары Владимир Жириновский Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр Феликс Кулов жана президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Жириновский жолугушууларда жаңы конституцияда орус тилинин расмий статусун калтыруу, Кыргызстанда кесиптик-техникалык окуу жайларды жандантып, аларда Россия үчүн жумушчуларды даярдоону сунуштаган.