Ходжаев районго кожоюн болду

БИШКЕК. Президенттин буйругу менен Дастанбек Ходжаев Баткен районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу 24-июлда президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин Ходжаевди акимдикке дайындоого Баткен райондук кеңешинин депутаттары макулдугун берген.