Президент Москвадан кайтат

БИШКЕК. Москвада КМШ мамлекеттеринин бейрасмий саммитине катышкан кыргыз президенти Курманбек Бакиев 22-июлда мекенине кайтып келет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Москва саммитинде президенттер КМШны реформалоону, дүйнөдөгү кырдаалды талкуулап, орус президенти Владимир Путин уюштурган ат чабышка күбө болушту.