«Электр станциялар» АКсы кыш камын көрүүдө

БИШКЕК. Бишкек ТЭЦине мазут сатып алууга «Электр станциялар» акционердик коому тендер жарыялады. Тендер 28-августа өткөрүлүп, ага катышууну каалагандарга чек коюлбайт. Тендердин натыйжасында 4,5 миң тонна мазут алынып, ал Бишкек жана Ош ТЭЦтеринин муктаждыгына жумшалмакчы. Бул тууралуу «Электр станциялар» акционердик коомунан кабарлашты.