Үй-жайсыз адамдар Кадыржан Батыровго тиешелүү делген жер аянттарын бөлүп алууга киришти

ЖАЛАЛАБАТ. Жума күнү турак-жай куруп алууга ниет кылган адамдардын ичинен үй-жайы жок 32 адамга 4 сотыхтан жер бөлүнүп берилди. Жерди тиешелүү документтерге ылайык “Чындык” аттуу коомдун комиссия мүчөлөрү бөлүштүрүүдө. Коомдун төрагасы Манас Бектемиров жер алуу тизмесине Жалалабат шаары менен Сузак районунан көп бүлөлүү, батирде жашаган,турак-жайга муктаж түрдүү улуттун төрт миңден ашык өкүлдөрү киргенин айтты. 21-июлда депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү деп эсептелген жер аянттарына 300дөн ашык адам келген. Батыровдун жер басып алгандардын артында бийлик турат деген пикирин облбийлик четке какты.