Депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү деп эсептелген жерди ээлеп тургандар өздөрүнүн “Чындык” деген коомун түзүштү

ЖАЛАЛАБАТ. Жыйын үй-жайы жок жарандарга тиешелүү документтеринин негизинде 4 сотыхтан жер ажыратуу чечимине келди. Чечимди колдоп берүү өтүнүчү менен президентке, губернатор менен Жалалабат шаар башчысына жана укук коргоо уюмдарына кайрылуу кабыл алынды. Коомдун башчысы Манас Бектемировдун айтымында жер алуу тизмесине 2800 адам жазылган. Кадыржан Батыров өзүнө караштуу жер аянттары менен менчик имаратын ээлегендерге эч кандай чара көрүлбөгөнүн билдирди.

Шайырбек Эркин уулу