Израильдин авиациясы Ливандын аймагына жаңы аба соккуларын улантты

Бүгүн эрте менен Израилдин авиациясы Ливандын аймагына аба соккуларын улантты. Кечээ Ливанда аба соккулардан 30 адам набыт болгон. Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт эки жөөт аскери бошотулмайынча, Ливандын аймагындагы аскердик операция токтотулбайт деп билдирди.