Бириккен Улуттар уюму Израил-Ливан жаңжалын токтотууга дипломатиянын күчү жетет деген ишенимин билдирди

Иерусалимде сүйлөгөн сөзүндө БУУнун атайын өкүлү Терйе Тод-Ларсен БУУнун өкүлчүлүгү Израилге элдешүү боюнча ачык-так ойлорун билдиргенин бышыктады. Израилдин тышкы иштер министри Типи Ливни, бирок, Хесбулла алгач Израил аскерлерин бошотушу керек экендигин эскертти.