Израиль менен Ливандын ортосунда аба соккулары улантылууда

Ливандагы “Хезболла” тобу ушул түнү да Израилдин аймагына аба соккуларын урду. Ракеталардын бири Цефат шаарындагы ооруканага түшүп, андан 5 адам жараат алгандыгы кабарланууда. Израиль да Ливандын аймагына аба соккуларын улантууда. Өткөн түнү алардан 50гө жакын адам мерт кеткен. Ливанда соңку алты күндөн бери жалпысынан 200гө жакын адам набыт болду.