Бишкекте медиа-борбор өз ишин баштайт

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте эл аралык уюмдардын колдоосу менен түзүлгөн медиа-борбор өз ишин баштайт. Швейцариянын өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, медиа-борбордун максаты калкты эркин, ачык маалымат менен камсыз кылууга багытталган.