Орусиялык кеңештин жетекчиси Чоң Сегиздин саммитинин тушунда демонстранттардын камакка алынышын иликтөөгө чакырды.

Орус президентинин адам укуктары кеңешинин жетекчиси Элла Панфилова демонстранттарды камап, коркутуп-үркүткөн тартип коргоочуларды жазалоону талап кылып, өлкөнүн баш прокуроруна кайрылды.