Украина төрт айдан бери өкмөт түзө албай келатат. Президент Виктор Ющенко парламенттик көпчүлүккө 25-июлга чейин коалициялык өкмөт түзүүнү сунуштады. Эгерде ага чейин өкмөт түзүлбөсө парламентти таркатуу, жаңыдан шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү күч алат. Украинадагы саясий баш-аламандык Кыргызстанда парламентик башкаруу системасын түзүү идеясына кандай таасир этти.
Кыргызстанда үч түрдүү башкаруу системасына ылайыкташтырылып жазылган Конституциянын долбоорлорун талкуу жүрүп жатат. Анын бирөөсү парламенттик-президенттик башкаруу, же аралаш системасына ылайыкташтырылып жазылган. Ал эми Украина март айындагы парламенттик шайлоодон кийин парламенттик-президенттик башкаруу системасына өтүүгө аракеттенүүдө. Бирок ал кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканы белгилүү.
Кыргызстанда да бир катар саясий партиялар, саясатчылар парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанга ылайыктуу экенин жарыялап, Конституциялык реформанын жүрүшүндө мына ошондой бийлик системасын орнотууну жактап келатат. Ал эми бул системага каршы чыккандар болсо, Кыргызстанда саясий партиялар алсыз, парламенттик башкаруу системасы өлкөдө баш-аламандыкты, Украинадагы абалды пайда кылат деген пикирде.
Маселен, Киевге барып келген Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков парламенттик башкаруу системасынан көңүлү кайтып, ал Кыргызстан шартына туура келбейт экен деген пикирин жарыялады.
Бирок «Арнамыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиев Украина тажрыйбасы менен эле парламенттик системадан качуу туура эмес дейт:
"Украинадагы кырдаалды карап туруп, трагедия кылбаш керек. Бул демократиянын балалык оорусу. Андан көрө ошондой болгону жакшы. Себеби, мына ушундай жол менен баары ачыкка чыгат. Коомчулук , шайлоочулар өздөрү шайлаган партияларга, күчтөргө кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин баа берип, парламентке жаңы күчтөрдү шайлоого мүмкүнчүлүк алат".
Украин тажрыйбасынан улам эле өз пикирин өзгөртпөгөнүн коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев да ачыктады:
"Украинада болгон окуя-эми адамзаттын коомунда ушундай болот эмеспи. Жаңы нерсе эч качан оңой менен келбейт. Мүмкүн ушул парламент тарап, андан кийин эки-үч шайлоодон кийин айла жок биримдикке келишет. Мындан коркуштун кереги жок. Менин жеке көз карашым анча өзгөргөн жок. Биз үчүн парламенттик башкаруу ылайыктуу".
Ал эми «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Украинадагы кризисттик кырдаал башкаруу системасына эмес, буга чейин түзүлүп келген саясий, тарыхый жараяндарга жана президент Ющенконун бардык саясий күчтөргө тең карабоосунан келип чыгууда дейт:
"Украинадагы окуянын өзүнүн тарыхы бар. Мындай жаңжал, парламентте каршылашуу, майданга чыгуу-президенттик башкаруу убагында, Кучманын тушунда да болгон. Бул эч убакта парламенттик башкаруу формасына тиешелүү кемчилик эмес. Бул тарыхый кырдаалдан улам ушундай болууда".
Ошентип, күзгү Конституциялык реформага өлкөдөгү саясий күчтөр мурда калыптанган пикирлери менен бара турганы айкын болууда.