Маданият министри Султан Раев “Чынгызхан” медалына татыктуу болду

БИШКЕК. Монголия мамлекетинин 800 жылдыгына арналган салтанатта монгол-кыргыз маданий байланыштарына кошкон салымы үчүн Кыргызстандын маданият министри Султан Раевге Монголиянын президенти Нанбарын Энхыбяр “Чынгызхан” медалын тапшырды. Аталган иш чарага дүйнөнүн 32 мамлекетинен меймандар катышкан. Улан-Батордо Чынгызханга айкел тургузулуп, театрлаштырылган оюн-зоок өткөрүлгөн.