Кореялык ишкерлер Кыргызстандагы экономикалык абалды иликтеп жатышат

БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Феликс Кулов парламент депутаты Ве Ги Сон жетектеген кореялык делегация менен жолугушуп, Кыргызстандын экономикалык абалын талкуулашат. Кореялык таасирдүү ишкерлерден куралган делегация Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаалды иликтөө үчүн кечээ келген жана анын сапары апта этегине чейин уланат.