Коргоо министри менен анын мурдагы орун басары соттошууда

БИШКЕК. Бүгүн Бишкек гарнизонунун аскер сотунда коргоо министри Исмаил Исаков менен министрдин мурдагы орун басары Мэлc Бекбоевдин арыздары боюнча сот жараянынын алгачкы отуруму болору күтүлүүдө. Буга эки мамлекеттик кызматкердин жалаа жапты деп бири- бирине каршы берген доо арыздары негиз берген. Исаковдун өкүлү Бакыт Шейреновдун билдиргенине караганда, ал бүгүн соттун башталышында министрдин сотко катыша албай тургандыгын негиздеген катын тапшырат. Коргоо министри муну бүгүн өкмөттүк жыйынга катышаары, соңунан түштүк аймакка иш сапарга кетери менен негиздеген. Мыйзамда бири-бирин бир учурда айыптап жаткан шартта тараптар сотко милдеттүү катышуусу каралган.