Эл аралык семинар Бишкекте маалымат технологиялар саясатын талкуулап жатат

БИШКЕК. Бүгүн байланыш маалымат технологиялар жаатындагы саясатты калыптоого кол кабыш кылуу максатын көздөгөн эл аралык семинар ишин жыйынтыктайт. Үч күндөн бери өтүп жаткан бул семинарда кардарлардын укуктарына, интеллектуалдык менчикти коргоого, маалымат коопсуздугуна, салыкка байланышкан маселелер талкууланды. Семинарды транспорт жана байланыш министрлиги Азия, Тынч Океан, Европа өлкөлөрүнүн экономикалык, социалдык маселелер боюнча комиссияларынын көмөгү менен өткөрүүдө.

Бурулкан Сарыгулова