Америкалык аскер базасынын ижара акысын бычуу боюнча кыргыз-америка сүйлөшүүсү башталды

Бишкекте «Манас» аба майданында жайгашкан америкалык аскер базасынын ижара акысы боюнча кыргыз-америка сүйлөшүүсү жүрүүдө. Ага кыргыз тараптан коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов катышууда. Бул маалыматты 13-июлда коопсуздук кеңештен ырасташты. Сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгү июнь айынын башында болуп, анда тараптар өз позицияларын ачыкташкан. Кыргыз тарап америкалык базанын ижара акысына жылына 200 миллион доллар сурап жатат.