АКШ президенти Германиянын канцлери менен жолугат

АКШ президенти Жорж Буш Германияга иш-сапары менен келди. Ал бүгүн Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушат. Маалыматтарга караганда, тараптар жакында Санкт-Петербургда өтүшү күтүлүп жаткан чоң сегиздин саммитинде карала турган маселелер боюнча пикир алышышат.