Украинанын парламентинде жаңы коалиция түзүлдү

Украинанын парламентинде “Региондор партиясы”, социалисттер жана коммунисттер тарабынан жаңы коалиция түзүлдү. Коалиция премьер-министрликке “Региондор партиясынын” лидери Виктор Януковичти көрсөтөөрүн өлкө президентине билдирди. Парламенттин биринчи вице-спикери болуп коммунист Адам Мартынюк шайланды. “Наша Украина” жана Юлия Тимошенконун блогу добуш берүүгө катышкан жок. Алар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү көздөшүүдө.