Италиянын командасы футбол чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Италиянын командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңүүчү болуп чыкты. Чемпионаттын финалдык оюнунда Берлинде Италия менен Франциянын командалары беттешип, Италиянын командасы 5:3 эсеби менен жеңишке ээ болду. Италия ушуну менен төртүнчү ирет футбол боюнча дүйнө чемпиону болду. Дүйнө чемпионатында Германия үчүнчү орунду ээледи.