УКРАИНАДА ОРУСИЯГА ЫК АЛГАН ЖАҢЫ КОАЛИЦИЯНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ АБАЛДЫ КУРЧУТУУДА

Төрөкул Дооров, Прага Украинада Виктор Янукович жетектеген Регондор партиясы Социалисттер жана коммунисттер менен биргеликте өткөн жума күнү “антикризистик коалиция” түзүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Өлкөдөгү башкы оппозициялык партия менен түзүлгөн келишим Украинанын саясий турмушунда мунасага келүүнүн жолун дагы татаалдаштырып салгандай болду. Эми парламентте көпчүлүк орунду ээлеген жаңы коалиция президент Виктор Ющенко үчүн чоң сыноо болушу мүмкүн.
Украинада президенттик шайлоодо жеңилип калган Виктор Янукович кайра утушту колго алып калышы мүмкүн. Ал жетектеген Региондор партиясы Коммунисттик жана социалисттик партиялар менен жетишкен келишими украин парламентиндеги абалды чаташтырып салды. Анткени жаңы коалиция 450 орундуу парламенттин 230 орунун, башкача айтканда, басымдуу бөлүгүн, ээлейт.

Эми түзүлгөн кыймыл Виктор Януковичти өкмөт-башчылыкка алып келиши ыктымал. Янукович болсо 2004-жылкы “Роза ыңкылабынан” кийин президенттикке келген Виктор Ющенконун оордун ээлегенге азырга чейин үмүтү зор. Азыр болсо Янукович өлкөдөгү башка партияларды анын жаңы “антикризистик коалициясына” кошулууга чакырып жатат.

- Коалициянын эшиктери дайыма ачык, андыктан ар бир саясий топ биздин коалицияга кошулса болот, - деди Региондор партиясынын лидери В.Янукович.

Башта социалисттер ыңкылапчылардын “саргылжын коалициясында” болучу, андыктан алар эми “ыңкылапчылардын” атаандашы Региондор партиясы менен кошулганына президент да айран таң калганын жашырган жок. Жума күнү буга чейинки премьер-министр Юлия Тимошенко “саргылжын коалиция” дээрлик жоюлганын мойнуна алды.

Бул өңдүү ойлорго “саргылжын коалиция” күтпөгөн адамдын Жогорку Радага спикер болуп тандалышы себеп болду окшойт. Парламент социалисттик партиядан Александр Морозду төрага кылып шайлаган эле.

Президент Ющенко болсо Жогорку Радага 3 жума берээрин айтты. Ушул мезгил ичинде эгер депутаттар өкмөттү түзүү боюнча бир мунасага келе алышпаса, анда парламентти таркатып жибериши да мүмкүн экенин эскертти мамлекет башчы.

- Эми парламент спикерин тандоонун канчалык мыйзамдуу болгону үстүндө талашып-тартышып отурбоонун бирден бир жолу – Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөт боюнча иштөө. Андыктан, эгерде саясий күчтөр өкмөттү түзүү үчүн коалицияга бириге алышпаса, анда парламентти таркатуу коркунучу бар экенин айткым келет, – деди Украинанын президенти В.Ющенко.