БШК: Маркум Рысбек Акматбаевге мандат берүүгө мыйзам жол бербейт

БИШКЕК. БШК маркум Рысбек Акматбаевди өлгөндөн кийин депутат катары таанууга мыйзам жол бербейт деген билдирүү таратты. БШКнын юридикалык бөлүмүнүн бүтүмүнө караганда, №69 Балыкчы шайлоо округундагы депутаттык орунду бош деп жарыялоого негиз бар. Бул маселени БШК эртең карары күтүлүп жатат. Депутаттыкка жарышта көпчүлүк добуш алган Рысбек Акматбаев 10-майда белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн.