БИШКЕК. Бул тууралуу «Азаттыкка» бүгүн тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов билдирди. Россиялык маалымат каражаттары жекшембиге караган түндө Иркутск аба майданына конуу учурунда кырсыктаган учактагы жүргүнчүлөрдүн 150гө жакыны набыт болгондугун кабарлашууда. Москва-Иркутск багытында учкан бул учакта болжол менен 192 жүргүнчү, экипаждын 8 мүчөсү болгон.