«Асаба» партиясы элеттеги мүчөлөрүн окутуп, агартууда

БИШКЕК. «Асаба» партиясынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева бул күндөрү Ош, Жалалабад облустарында болуп, партиянын жергиликтүү бөлүмдөрүн бекемдөө, лидерлерди окутуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу 8-июлда партиянын басма сөз катчысы Назаркул Жоошбаев билдирди. Семинарларга партиянын райондук координаторлору чогултулуп, анда партиялык иштер, «Асаба» партиясынын жакынкы убактарда аткара турган пландары тууралуу маалымат берилүүдө.