Ирактын премьер-министри коалициялык күчтөрдүн аскерлеринен кол тийбестик укугун алып салууну дагы бир ирет талап кылды

Ирактын премьер-министри Нури аль-Малики өлкөдөгү коалициялык күчтөрдүн аскерлеринен кол тийбестик укугун алып салууну талап кылууда. Соңку мезгилде алар тарабынан ондогон ирактыктар өлтүрүлгөндүгү тастыкталууда. Учурда Америкалык беш аскерге 12-мартта Эль-Махмудия шаарында төрт адамды өлтүргөн деген айып коюлууда. Өткөн түнү Иракта болгон жардыруулардан 30дан ашуун адам набыт болду. Багдаддан түштүккө карай жайгашкан Куфа шаарындагы шийлердин мечитиндеги жардырууда 12 адам мерт кетип, 40тан ашууну жараат алышты.