ЖАЛАЛАБАТ : ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМДАР ИШ-АРАКЕТИН ТЫМЫЗЫН КҮЧӨТҮҮДӨ

  • Ырысбай Абдыраимов
Жакында Жалалабатта экстремизм жана терроризмдин алдын алууга арналган жыйында облус аймагында диний экстремисттик уюмдар иш-аракеттерин тымызын күчөтүп жатканы белгиленди. Андай уюмдардын бири катары каттоодон өтпөгөн “Хизб ут-Тахрир” партиясы аталды.
Жыйында айтылган маалмыматтарга караганда “Хизб ут-Тахрир” партиясы Борбор Азия аймагында Ислам халифатын орнотууну максат кылат. Дин иштери боюнча агенттиктин деректири Өмүрзак Мамаюсуповдун баяндамасына ылайык ырасмий таанылбаган “ Хизб ут-Тахрир” партиясынын иши соңку жылдарда өлкөнүн бардык аймактарына жайылды. Имам-молдолор “Исламды боштондукка чыгаруу партиясы деп аталган бул уюмдун танапташтарына каршы иш жүргүзүлбөй, анын айынан дин жолуна түшкөн айрым жаштар экстремистчил маанайдагы кишилердин сабын толуктап жатат.

- Жаштарыбызды халифатка үндөгөн - бул экстремисттик ой эмеспи. Экстремизм жүрөккө, мээге тийди.

Мындай бүтүм менен макул болбогондор да бар. Атап айтканда Жалалабаттын тургуну Исмаилжан Исаков “Хизб ут-Тахрир” партиясынын аш-тойлорду азайтып, ашыкча чыгымдарды кыскартуу керек дегенин жактыра турганын айтты. Ал “хизбутчулар” менен “тегерек үстөлдө” сүйлөшүүнү жана аларды сыртынан эле “экстремист” деп жамандай берүүгө болбой турганын кошумчалады:

- Хизб-ут Тахрирчилерди камаш керек, булар экстремисстер деп жамандаштын кереги жок. Булар канча жакшы иштерди жасап жатышат.

Облустук ички иштер башкармалыгы партиянын таасиринде жүргөн 800гө жакын адамды каттоого алган. Милициянын маалыматы боюнча “Хизб ут-Тахрир” уюму баракча-китептерди ачык таркатпайт. Ошентсе дагы айрым бир ыңгайлуу иш жолдорун ойлоп табышкан, атап айтканда, диний майрамдарда бекер тамак-аш таратылат, үгүт-насаат иштерин өспүрүмдөр, жаштар жана аялдар арасында күчөтүүдө.

Жыйында оюн айткан молдо Кадырбек Суленов халифат коому адамзат тарыхында мурда болгонун жана ал өзүн актабагандан улам өзүнөн өзү жок болгонун айтты. Кадырбек Суленов экстремист деп эсептелгендерди коңшу Өзбекстандагыдай кылып камакка алып, жазалоо керек деди:

- Алардын түпкү максаты бийлик жана байлык. Халифат бул өткөн этап. 1924-жылга чейин халифат болуп келген. Халифат учурда мусулмандар канчага бөлүндү. Ошол учурда эле баары жакшы болуп калдыбы.

Бирок облустук бийликтин өкүлү - бөлүм башчы Кадыр Бечелов кысым көрсөтүү, түрмөгө отургузуу өңдүү агрессивдүү ыкмалар менен экстремизмден арылуу мүмкүн эместигин айтты:

- Эч качан агрессия дүйнөдө прогрессти жараткан эмес.

Абдрахман Жолчиев “Хизб ут-Тахрир” партиясына 2001-жылы өткөн. Анын айтымында партиянын “Аль- Каида, ИДУ” сыяктуу уюмдар менен байланышы жок. Уюм саясатын террордук иш-аракеттер менен эмес, түшүндүрүү жолу менен жүргүзөт:

- Хизб-ут Тахрир террордук иштерге аралашат, Өзбекстандын ИДУ деген партиясына жана Аль-каидага кошулууга аракет кылып атат деп айтышат. Мунун баары жалган. Хизб-ут тахрир андай террордук иштерди жасабайт.

Саясат таануучу Жениш Дуйшеев экстремизм менен террорчулуктун алдын алуу үчүн жаштарды спортко жана маданий иш-чараларга тартуу керек деген сунушун айтты:

- Маданий борборлорду куруу керек. Ошондо багытын башка жака өзгөртсө болот. Кыскасы, өздөрүнө хизбутчусуңар деп айтпай туруп, булардын энергиясын, духун башка жака өзгөртүш керек.