Литванын парламенти жаңы премьер-министри бекитти

Литванын парламенти премьер-министрликке көрсөтүлгөн Гедиминас Киркиластын талапкерлигин жактырды. Киркилас – өлкөдөгү Социал-демократиялык партиянын мүчөсү жана буга чейин коргоо министринин милдеттерин аткарып келген. Ушул жылдын 1-июнунда Литванын мурдагы премьер-министри Альгирдас Бразаускас отставкага кеткен.