Израиль Газа секторундагы аскердик операциясын улантууда

Израиль анын аскери Гилад Шалитти бошотуу боюнча Газа секторундагы операциясын улантууда. 4-июлга чейин Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиндерди бошотуу жөнүндөгү палестин козголоңчуларынын талабын Премьер-министр Эхуд Олмерт четке какты. Израильдин авиациясы Газа секторунун түндүк тарабына жаңы соккуларын урду. Алардан бир палестин набыт болуп, бир нечеси жараат алгандыгы маалымдалууда.