Америкалык беш аскер бейкүнөө ирактык атуулдарды өлтүргөндүгүндө күнөөлөнүүдө

Америкалык беш аскер ушул жылдын март айында Ирактын Эль-Махмудия шаарында төрт адамды өлтүргөндүгүндө күнөөлөнүүдө. Алардын бири Стив Грин Түндүк Каролина штатында камакка алынды. Эгерде беш аскерге коюлуп жаткан күнөө далилденсе, алар өлүм жазасына тартылат.