КЫТАЙДА ЭҢ БИЙИК ТООЛУК ТЕМИР ЖОЛ КУРУЛДУ

Нарын АЙЫП, Прага 1-июлда Кытайда жаңы темир жол ачылды, ал өлкөнүн борбору Бээжин калаасын Тибеттин борбору Лхаса менен бириктирди. Кытай жетекчилигинин айтымында, Тибеттин өнүгүүсүндө аны менен эми жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Ал эми экологдор жана Тибеттин эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөндөр темир жолдун курулушун сынга алып жатышат.
Жаңы темир жолдор, заводдор жана фабрикалар Кытайда негизинен 1-июлда же 1-октябрда ачылат, анткени алар мамлекеттин же компартиянын мааракелерине байландырылат. 1921-жылдын 1-июлунда Кытайдын коммунисттик партиясы негизделген, 1949-жылдын 1-октябрында болсо коммунисттер Кытайдагы бийликке келген.

Быйыл дагы 1-июлда Кытайда жаңы, дүйнөдөгү эң бийик тоолук темир жол ачылды - Бээжинден Лхасага жана Лхасадан Бээжинди көздөй эки поезд жолго чыкты. Төрт миң чакырымдык жолду алар 48 сааттын ичинде басып өттү, поезддин ылдамдыгы негизинен саатына 100 чакырым болду.

Албетте, ал темир жолдун негизги бөлүктөрү мурда эле бар болчу, бирок өлкөнүн батышындагы Цинхай провинциясындагы Синин калаасынан Голмуд шаарына чейинки 814 чакырымдык жол мындан 20 жыл мурда курулуп, 1984-жылы ишке кирген. Жолдун акыркы жана эң татаал бөлүгү, 1142 чакырымга уланган жана Голмудду Лхаса менен бириктирген жол акыркы беш жылдын ичинде курулуп бүттү. Курулушка 100 миңге жакын адам катышты, жолдун бул бөлүгү негизинен 4000 метр бийиктикте өтөт жана анын эң бийик жери 5072 метрге жетет. Поезддин ичиндеги жүргүнчүлөр түтөк болбос үчүн вагондорго кислород менен байытылган аба киргизилип турат.

Голмуд шаарында өткөрүлгөн темир жолду ачуу аземине 1-июлда Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао катышты: "Темир жолчулар жана башка жумушчулардын күжүрмөн аракеттеринен улам, биз көптөгөн муун кытай адамдары жана өзгөчө бардык улуттук азчылыктардын жетекчилери эңсеген максатка жеттик", - деди Ху 1-июлда.

Анткен менен темир жолдун ачылышына бардык эле тибеттиктер кубанган жок. Лхаса шаарынын мэринин орун басарынын айтымында, эми Тибетке келген туристтердин саны кескин көбөйөт жана аны менен жаратылышка дагы, Тибеттин өзгөчө маданиятына да зыян тийиши мүмкүн. Быйыл туристтердин саны эки жарым миллионго жетет деп айтылууда.

Андан тышкары, темир жол менен эми Тибетке көптөгөн мигрант жана алардын ичинде кылмышкерлердин келиши дагы күтүлүүдө. Мурда Тибетке Кытайдын борбордук аймактарынан учак менен гана келүү мүмкүн болчу, учак билеттеринин баасын болсо поезддики менен Кытайда салыштыруу мүмкүн эмес.

Кытайдагы 1911-жылдагы революциядан кийин Тибет эгемендүүлүк алган, бирок бийликке коммунисттер келгенден кийин, алар Тибетти кайрадан Бээжиндин кол алдына алуу аракеттерин баштаган. Тибеттин эгемендүүлүгү үчүн күрөштү жетектеген Далай-лама болсо 1959-жылдан бери сүргүндө Индияда жашайт. Эксперттердин пикиринде, Тибетке темир жол куруу менен Бээжин аймакка болгон өз көзөмөлүн күчөттү.