Жаш саясатчылар HIPCке каршы беш миң кол чогултуп, бийликке тапшырышты

БИШКЕК. Жаш саясатчылардын форуму бүгүн HIPC программасына Кыргызстандын кошулушуна каршы беш миңге жакын кол топтоп, премьер-министрдин аппаратына тапшырды. Буга байланыштуу жетимишке чукул адам жөө жүрүш жасады. Бул акцияны форум коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурду.