Жалалабатта балдардын укуктарын коргоого арналган эки күндүк кеңешме өттү. Ош, Баткен, Жалалабат облустарындагы өкмөттүк мекемелердин өкүлдөрү катышкан аймактык кеңешмени эл аралык Эмгек Уюмунун долбоору менен президенттик администрациянын алдындагы үй-бүлө, аял, гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы уюштурган. Изилдөөгө ылайык Жалалабатта 100 миң бала жумушка тартылат. Кабыргасы ката элек балдардын иштөөсүнө өлкөдөгү жакырчылык башкы себеп болуп саналат.
Аймактык кеңешме балдардын укуктарын коргоо жаатында жасалган иштердин айланасында жүрдү. Өлкө балдар укугун коргоо боюнча эл аралык бир нече келишимдерге кол койгон. Президенттик администрациянын алдындагы Үй-бүлө, аял жана гендердик өнүгүү маселеси боюнча улуттук кеңештин жооптуу катчысы Токтокан Боромбаеванын айтымында, Жалалабатта кабыргасы ката элек 100 миң бала оор жумушка тартылаарын изилдөө көрсөткөн. Балдардын зыяндуу тармактарда иштегени улуттун келечеги үчүн опурталдуу:
- Балдарды кыйын абалда, оор абалдагы жумуштарга тартуу маселелери дагы эле орчундуу орундарды ээлеп келе жатат. Айрыкча тамеки тармагында иштеген жагы. Бир эле Жалалабат облусунда бир изилдөөнүн негизинде 100 миңден ашык балдар оор жумуштарга тартылат. Ошондой эле мындай көрүнүштөр Ош, Талас облустарында да бар,- деди Токтокан Боромбаева.
Балдардын окуусун таштап, чоңдор менен теңтайлаша араба сүйрөп, жүк ташууга же талаада кетмен чаап, пахта өстүрүүгө жакыр турмуш мажбур кылууда. Облуста өтүк тазалап жан баккан же ашкана, жертөлөлөрдө түнөп, тилемчилик кылган өспүрүмдөр көп. Губернатор И. Айдаралиевдин пикиринде кароосуз балдар үчүн жай курууга облус чамасыз:
-Ата-энесине жардам берүү максатында балдар мектепке барбай жатат. Ошондой эле борбордук базарларда араба тартып, бут кийим тазалап, майда - чүйдө буюм сатып, ашканаларда жалданып иштеп, күн көрүп жүргөн балдар дагы эле арбын. Анысы аз келгенсип, ээн баш өскөн, сел саяк балдар уурулукка, ичкиликке берилип кетип жатканы өкүнүчтүү. Айрым кароосуз калган балдар көчөлөрдө, үйлөрдүн жертөлөлөрүндө түнөп, күн кечиришүүдө. Облустун борборунда кароосуз калган балдарды жайгаштыруучу жайлар жок,- деди Искендер Айдаралиев.
Губернатордун “163 бала окубай калган” деген маалыматы менен жаштардын укугун коргоочу Абдиназар Маматисламов макул эмес. Укук коргоочу балдар эмгеги менен алардын санына кызыккан уюм жок экендигин айтып, аталган көрсөткүч чындыгында он эсе көп деп эсептейт.
Эл аралык Эмгек Уюму Кыргызстанда ишке ашырып жаткан “Балдар эмгегинин оор түрлөрүнө каршы күрөшүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн потенциалын күчөтүү” аттуу долбоордун улуттук координатору Амина Курбанова өспүрүмдөрдүн окуудан четтеши- өлкө экономикасына таасир этеерин белгиледи:
- Эмгеги арзан бааланган балдар окубай калууда. Балдардын билимсиз болушу өлкөдөгү билимдүү адис жумушчу күчүнүн калыптануусуна тоскоолдук кылат. Мындай көрүнүш өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизет,- дейт Амина Курбанова.
Балдардын билимсиз болушу - өлкөдөгү билимдүү адис жумушчу күчүнүн калыптануусуна тоскоолдук кылат. Мындай көрүнүш, өлкөнүн экономикасына залака тийгизет. Эмгек жана социалдык коргоо министринин орунбасары Жамила Алымбекова балдар үчүн ата-эне, коомчулук, мамлекеттик уюмдар бирдей жооптуу экендигин ортого салды:
- Кабыргасы ката элек балдар өзүнөн он эсе чоң арабаларды тартып жүргөңдө жүрөгүм ооручу. Бул балдардын бөйрөгү да ордунда болбойт. Кыр аркасына да зыян кетет. Бирок энелик, аталык, мамиле мээрим менен бул маселеге көңүл бурсак. Жер-жерлерде балдарга азыртадан көңүл бурбасак кийин алардын келечеги кандай болот. Кыргызстан абдан сабаттуу мамлекет болгон. Акыркы торпогун сатса да баласын окутуп алчу да ата-эне,- деди Жамила Алымбекова.
Ош облустук Профсоюздар кеңешинде балдар эмгеги боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Кеңештин өкүлү Алим Салиев “Эмгек-өспүрүмдөрдүн көзү менен” аттуу сынак уюштурганын маалым кылды.
“Шоро” суусундугун же балмуздак сатып, каникул маалында ата-энесине кошумча акча таап берип жаткан мектеп окуучулары Жалалабат аймагында бир далай, Назгүл ошолордун бири гана:
-Мен “Шоро” компаниясында, азыр жайкы эс алуу убагында ата-энеме жардам болсун деп иштеп жатам,- дейт Назгүл.