Анда Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуусунда негизги көңүл бурула турган маселелер талкууланат. Бул тууралуу Кыргызстанда кызмат өтөө мөөнөтү аяктап бараткан Германиянын элчиси Франц Айхингер мырза премьер-министр Феликс Кулов менен жолугушуу учурунда билдирген. Айхингердин айтымына караганда, келерки жылы Европа Биримдигине Германия мамлекети төрагалык кылмакчы. Төрага катары немис өкмөтү Биримдиктин Борбор Азия региону менен кызматташуусуна артыкчылык беришине аракет кылмакчы.