"Арселор" компаниясы орусиялык "Северсталь" ишканасынын сунуштарын четке какты

Болот өндүргөн европалык "Арселор" компаниясынын акционерлери кечээ күнү - орусиялык "Северсталь" ишканасы менен келишим түзүүгө каршы добуш беришти. Эми "Арселордун" болот чыгаруучу башка компания - "Миттал стил" менен биригүүсүнө жол ачылды. Анын ээси - Лондондо жашаган Лакшми Миттал деген индиялык миллиардер. Эки компания бириксе, дүйнөдөгү эң ири болот ишканасына айланат, ал дүйнөдөгү болотттун 10 пайызын өндүрөт.