Жапония премьер-министри АКШда Элвис Преслинин үйүнө келип кетти

АКШга сапар менен келген Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Коудзуми кечээ күнү президент Жорж Буш жана анын жубайы Лоранын коштоосунда атактуу америкалык рок-ырчы Элвис Преслинин үйүнө келип кетти. Алар ырчынын жесири Присцила жана кызы Лиза Мари менен жолукту. Пресли 1977-жылы 42 жашында өлгөн.