АКШ: ЖОГОРКУ СОТ АСКЕРИ ТРИБУНАЛДАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ ДЕП ТАПТЫ

АКШнын Жогорку соту Гуантанамодогу туткундардын иштерин териштирүү үчүн түзүлгөн атайын трибуналдарды мыйзамсыз деп тапты. Соттун токтомунда мындай трибуналдарды түзүү жөнүндөгү президент Буштун чечими АКШнын мыйзамдарына жана Женева конвенциясына ылайык келбей турганы айтылат. Президент Буш соттун чечимине баш ийерин, бирок конгресс менен масилеттешип, трибуналдарды пайдалануунун башка жолдорун караштырып көрөрүн билдирди.
АКШнын Жогорку сотунда Гуантанамодогу туткундардын бири,теги йемендик Салим Ахмед Намдандын арызы каралган эле. Намдан учурунда Усама бин Ладендин айдоочусу болгон, бирок өзүн эч кандай террордук иштерге катышы жок деп эсептейт. Жогорку сот Намданды соттоо үчүн түзүлгөн аскери комиссиянын буга жетерлик бийлик укуктары жок, анткени анын структурасы жана процедурасы АКШдагы мыйзамдарга,ошондой эле аскери туткундар тууралуу Женева конвенциясына кайчы келет деп тапты.

Жогорку соттун чечимин Намдандын адвокаты террористтер америкалыктарды конституцияга, сотко жана эркиндик принциптерине айныбай ишенген сезимден ажырата албаганын далилдеген иш болду деп баалады. “Юристтердин эл аралык комиссиясы” деп аталган бейөкмөттүк уюмдун башчысы Николас Хауэн болсо эми Гуантанамодогу түрмөнү кармап турганга эч кандай жүйөө калбаганын, туткундар үчүн түзүлгөн “аскери комиссияларды” таркатып, күнөөсүздөрдү бошотууга, ал эми айыбы барлардын иштерин АКШнын кадимки мыйзамдарына ылайык америкалык кадимки соттордо териштирүү керектигин белгиледи.

Президент Буш өкмөт Жогорку соттун чечимине ыкрар кыларын, аны талдап-талкуулап көрүп, конгресске берилген бийлик укуктардын чегинде аскери трибуналдарды пайдалануу жолдорун караштырып көрөрүн билдирди. Ал өткөн аптада Венадагы саммит маалында Гуантанмодогу лагерди эртеррээк жапканга ниеттенип жатканын айткан эле.
Гуантанамодо азыр 400дөй туткун бар. Алардын көбүнө алиге чейин эч кандай айыптар коюла элек. Айрымдарын аскери трибуналдар жаңыдан териштиргени жаткан, алдыда дагы алмыштай ишти аларга ашыруу пландаштырылган эле. Жогорку соттун бейшемби күнкү чечиминен соң, айрым байкоочулардын айтымында,алардын баары токтотулат.

Деген менен Жогорку соттун чечими Гуантанамодогу туткундар бошотулушу керек дегенди билдирбейт. Сот болгону америкалык администрация аларды башкача соттошу керек деп гана чечти. Муну “Азаттыкка” берген атайын интервьюсунда профессор Жек Бирт да белгиледи. “Соттун мүчөлөрү аскери комиссияларда түпкүлүгүндө жеке бир адамдарды соттогонго болбойт деп айтышкан жок, Гуантанамодогу лагер жабылышы керек» деп да айтышкан жок. Алар бир нерсени – мындай трибуналдарды түзгөнгө президенттин укугу жок болчу, муну менен америкалык мыйзамдар да, эл аралык укук да бузулду, ушуну так айтышты”, - деп билдирди профессор Бирт.

Айтмакчы, Жогорку соттун чечимин беш судья колдоду,үчөө каршы чыкты. Алардын бири Клэренс Томас өзүнүн өзгөчө пикиринде “соттун бул чечими терроризмге каршы күрөштө президенттин мүмкүнчүлүгүнө олуттуу тоскоол болорун” белгиледи. Жогорку соттун төрагасы Жон Робертсон добуш берүүгө катышкан жок.