Кыргыз-өзбек чекарасындагы ок атуудан эки адам жаракат алды

БИШКЕК. Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, 30-июнда Баткен облусунун Айдаркен чек ара бөлүгүнүн «Марказ» чек ара бекетинде ок атуу болуп, анда эки өзбек жараны бутунан жаракат алган. Чек арачылардын кыргыз аймагында малын кайтарбоо эскертүүсүнө өзбек атуулдары каршылык көрсөтүп, куралдарды тартып алууга аракет жасаган.