Нидерландынын премьер-министри отставкага кетээри тууралуу билдирди

Нидерландынын премьер-министри Ян Петер Балкененде өкмөттүк кризиске байланыштуу отставкага кетээри тууралуу билдирди. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Балканенде өлкөнүн королевасы Беатрикс менен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү маселесин талкуулай тургандыгын билдирди.