1-3-июлда Астанада кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отуруму болот

Ага катышуу үчүн биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жетектеген делегация 30-июнда Казакстанга жөнөп кетет. Өкмөттөр аралык комиссия жыйынында суу-энергетика, соода-экономикалык, транспорт, чек аралаш райондордо дүң соода базарларын ачуу жана пансионаттар маселеси каралмакчы.