29-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

1917-жылдын бул күнү Жетисуу областтык дыйкандар Советинин съезди ишин баштады. 1937-жылдын 29-июнунда «Советская Киргизия» гезитинде Г. Кулаковдун «Абдрахмановщина» аттуу макаласы жарык көргөн.
1917-жылдын бул күнү Жетисуу областтык дыйкандар Советинин съезди ишин баштады.

1920-жылдын бу күнү РКП (б)нын Борбордук комитети «Түркстан РКП (б)сынын негизги милдеттери» туурасында төрт токтом кабыл алды. Токтомдо падышалык бийлик убагында түзүлгөн теңсиздикти жоюп, орус көчкүндөрүнө адилетсиз тартылып берилген кыргыз, казактардын жерин кайра кайтаруу, жерсиз дыйкандарды жер менен камсыз кылуу жана кулак уюмдарын жоюп, алардын жергиликтүү бийликке тийгизген таасирин чектөө сыяктуу маанилүү маселелер каралган.

1931-жылдын 29-июнунда ВКП (б) Борбордук комитетинин Орто Азия бюросу Кыргызстандан тышкары чыгарыла турган эзүүчү тап өкүлдөрүнүн эки категориясын белгиледи. Ал үчүн кулакка тартылчу адамдар тизмеси такталып, ал ишти аткаруу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылган. Түзүлгөн тизме жогорку бийликке тапшырылып, андан ары кулакка тартылган адамдардын тагдыры, айдалчу жери такталган.

1936-жылдын 29-июнунда Кыргыз АССРнын Борбордук аткаруу комитетинин президиумунда уюшулган Конституциялык комиссия республиканын негизги мыйзамынын долбоорун даярдаган. Конституциянын негизги бөлүктөрүн жазуу үчүн курамы 21 адамдан турган 5 комиссия топтору иштешип, алар өз убагында негизги мыйзам долбоорун жазып бүткөрүшкөн. Кийин ал 1937-жылдын 12-мартында гезиттерге жарыяланып, коомчулук арасында талкуу башталган.

1937-жылдын март айында өткөн партия пленумунан кийин жалпы кыргыз элине каршы моралдык террор башталган. Бул убактагы Сталин, Молотов сыяктуу партия лидерлеринин контрреволюциячыл күчтөргө каршы жарыяланган макалалары Кыргызстанда басылып, калк арасында идеологиялык «түшүндүрүү» иштери жүргүзүлө баштады. 1937-жылдын 29-июнунда «Советская Киргизия» гезитинде Г. Кулаковдун «Абдрахмановщина» аттуу макаласы жарык көрүп, анда коммунисттик партия идеалдарына жат буржуазиялык элементтердин жайылышы, аларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү туурасында сөз жүргөн.

Бул күнү, 1925-жылы ойлоп тапкыч Марвин Пипкин күңүрттөлгөн электр лампочкасын патенттеп, 1900-жылы атактуу жазуучу Сент-Экзюпери жарык дүйнөгө келген.