УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН ТАРЫХЫЙ МУРАСТАРЫН САКТАП КАЛУУ АРАКЕТТЕРИ

Тарыхтын чаң баскан барактарына көз жүгүртүп, байыркы Жибек Жолун элестетсеңиз. Кытай менен Европаны байланыштырган жолдо километрлерге созулган каравандар кетип баратат. Жолдун боюнда болсо жомоктогудай кооз жана бай шаарлар жайгашкан.Азыркы күндөрдө Жибек Жолунун тарыхый мурасы барган сайын көбүрөөк баалана баштады.
Жибек Жолунун боюнда жайгашкан тарыхый жайлардын айрымдары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Бирок көптөрү маданий кордун коргоосуна алынган эмес.

"Бир катар жайлар начар абалына байланыштуу дүйнөлүк мурастардын тизмесине камтылган эмес. Маселен, Казакстандагы Отрар шаары, Чүй өрөөнүндөгү Красная речка советтер мезгилинде кароосуз калган", - дейт ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар борборунун өкүлү Фрэнсис Чайлд.

Чайлд жана анын кесиптештери 10 жылга жакын убакыттан бери Борбор Азиядагы археологиялык жайларды Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн аракеттенип келатышат. Аларга каржы жагынан Норвегия, Италия, Швейцария жана өзгөчө Япония көмөктөшүүдө.

Андан тышкары Түркия жергиликтүү өкмөттөргө тикелей жардам берип, бир катар долбоорду колдоого алды. Чайлд болочокто Перси булуңундагы бай мамлекттер да кол кабыш кылышат деген үмүттө.

"Биз Советтер Союзунун соңку жылдарында казылып, ошол бойдон кароосуз калтырылган жайларды сактоого аракет көрүүдөбүз. Алар 10-15 жылдын ичинде урап бүтүп, таптакыр жок болуп кетиши ыктымал".

Тарыхый жайларды калыбына келтирип, сактап калуу иштерине европалык, америкалык адистер да тартылууда. Октябрда ЮНЕСКО жана жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү Самарканд шаарында чогулуп, дүйнөлүк маанидеги мурас деген макам алууга көргөзүлө турган тарыхый жайлардын тизмесин такташмакчы.

"Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана башкалар өз өлкөсүнөн сунуштала турган жайларды аташат. Биз ошол жайларды сактоого, аларды дүйнөлүк маанидеги тарыхый мурастардын тизмесине киргизүүгө сунушташ үчүн эмне кылыш керектигин талкуулайбыз. 2008-жылга чейин Жибек Жолундагы бардык археологиялык жайларды же жок дегенде алардын бир тобун ошол наамга көрсөтүүгө аракеттенебиз".

Археологиялык же архитектуралык баалуулугунан тышкары Жибек жолундагы тарыхый жайлар Борбор Азия элине уркокшомун кайра ачууга мүмкүнчүлүк берет.

"Советтер доорундагы Борбор Азияда элдин көпчүлүгү тарыхый иденттүүлүгүн жоготуп коюшкан. Аларга: “Силер СССРге чейин өнүккөн эмессиңер, көчмөн эл болчусуңар, археологиялык жайларыңар, тарыхыңар жок болчу” деп айтылып жүрдү. Албетте, мунун бардыгы калп. Улуу археологиялык жайларды сактап калуу менен казактар, кыргыздар, тажиктер өз тарыхын, маданий уркокшомун кайтарып алышат".

ЮНЕСКОнун тобу азыр Борбор Азия жана Кытайдагы 12 археологиялык жайда иш алып барат, алардын жалпы бюджети 7 миллион долларды түзөт.