Президенттик башкарууну жактаган Конституция долбоорун «Эркиндик» партиясы жарыялады

Партиянын лидери Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсүнө караганда, долбоордо аткаруу бийлигин президент түздөн-түз башкарат. Парламент болсо толугу менен партиялык тизме аркылуу шайланат. Сот бийлигин да шайлоо аркылуу түптөө каралган.