Жогорку Кеңеште «Салык кодексинин» жаңы долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү
27-июнда депутаттардын жана ишкерлердин кароосуна эки долбоор коюлду. Анын бирин өкмөт иштеп чыкса, экинчисин депутат Алишер Сабиров сунуштады. Мындан аркы талкуулардын жүрүшүндө эки долбоордун артыкчылык жана кемчилик жактарын эске алуу сунушталды.