Италиянын премьер-министринин ыйгарым укуктары кеңейтилбейт

Италияда Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча референдум жыйынтыкталууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө каршы добуш беришти. Референдумга премьер-министрге өкмөт мүчөлөрүн бекитүү, кызматтан алуу, ошондой эле парламентти таратуу укугун берүү маселеси коюлган. Конституция боюнча бул укуктар президентке таандык.